Ырчы Неляга "Жылдын алдыңкы айымы" ордени ыйгарылды

6 март 2019 10:26 7690 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Неля Нуркулова "Жылдын алдыңкы айымы" төш белгисин тагынды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып, элге сүйүнчүлөдү.

Ырчы орден тагынган сүрөтүн жүктөп:

"Бүгүн өзгөчө жемиштүү күн болду. Мамлекеттик расмий "Эркин Тоо"гезити "Кыргызстандын алдыңкы айымы" аттуу төш белги менен сыйлап,журт алдындагы жоопкерчилигимди алда канча жогорулатты. Роза Төрөкуловна Айтматова, СССРдин Эл артисти Кайыргул Сартбаева сындуу элибиздин сыймыктуу кыздарынын жанында өзүмдү бактылуу сезип, Жаратканга чексиз шүгүр келтирдим. Бул кичине бирок салмактуу жеништерибизге салым кошкон ар бириниздерге рахмат айтабыз. Булар бизге чыгармачыл канат байлайт!", -деп баяндама жазып койду.

Ырчынын окурмандары жана күйөрмандары жакшы калоо-тилектерин жана куттуктоолорун жазып калтырышууда.

Ага кошумча ырчы жолдошу Урмат Усенов экөө "Кыргыз Туусу" гезитинин "Сахна жылдызы" наамына ээ болушту.



Неля Нуркулова бул тууралуу да пост жазып, элге жана наам ыйгаргандарга ыраазычылыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-nelya-nurkulovaga-zhyldyn-aldyky-ajymy-ordeni-yjgaryldy



Добавить комментарий