Ырчы МакSим ооруканадан чыкты

14 август 2021 12:01 1773 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын ырчысы МакSим эки ай дарылангандан кийин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу анын директору Маргарита Соколова Instagram баракчасы аркылуу кабарлаганын “Барометр” маалымдайт

Mash Telegram-каналы ырчы майыптардын арабасына отургузуп ооруканадан алып чыгып бара жатышканы тууралуу сүрөттү жарыялады.

Эскерте кетсек, ырчы июнь айынын орто ченинде Казандагы концерти өткөндөн кийин ооруканага температурасы көтөрүлүп жаткырылган. Бир нече ай бою ЖМК менен социалдык тармактарда ал өлүм алдында жатканы тууралуу кабарлар жарыяланган. 3-августта МакSим өзүнө келип күйөрмандары менен байланышка чыгып социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылган,

 

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-maksim-oorukanadan-chykty



Добавить комментарий