Сулууларга суктанууга акым бар. Ырчы Кубаныч Ажыбаев Бактыгүл Бокоеванын "көкүрөгүнөн сүт" ичем деп элди таң калтырды

4 март 2019 17:35 8268 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчылар Алтынай Нарбаева, Салима Балтаева, Кубаныч Ажыбаев, Бактыгүл Бокоева чогулуп клип тартып жатышат. Ал ортодо өнөр адамдары чай ичкенче күлкүлүү тамаша тартууга жетишишти. Видео менен жогоруда аты аталган ырчылардын баары бөлүшүп, элдин маанайын көтөрдү.

Видеодо чай ичип олтурган ырчыларга Бактыгүл Бокоева келип " чайды кант менен ичесиздерби?" деп баарына көкүрөгүнөн кант алып чыгып таратып берет. Ага ырчылар таң калуу менен карап турганда кайра "сүт менен ичесиздерби?" деп суроо салат. Бул учурда баары бир ооздон жок деп жооп берсе Кубаныч Ажыбаев "ооба" деген жоопту берип тамашаны көркүнө чыгарганын көрүүгө болот.

Көпчүлүк бул тамашаны туура кабыл алышып, терс пикир калтыргандар дээрлик жокко эсе.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-kubanych-azhybaev-baktygl-bokoevanyn-kkrgnn-st-ichem-dep-eldi-ta-kaltyrdy



Добавить комментарий