Гулнур Сатылганованы айып пул төлөбөй жүргөнү үчүн МАИ кызматкерлери кармады
Крыгыз Республикасынын Эл артисти, ырчы Гулнур Сатылганова МАИ кызматкерлери тарабынан кармалып, унаасы айып төлөөчү жайга токтотулган. Бул тууралуу соцтармакка жарыяланган маалыматка шилтеме берип ”Барометр” билдирет.
МАИ кызматкерлери Тoyota Land Cruiser Pradо унаасын “Коопсуз шаар” боюнча айып пулун төлөбөгөндүгүнө байланыштуу токтоткон. Ошол учурда унааны ырчы Гулнур Сатылганова башкарып бара жаткан.
МАИ кызматкерлери ырчынын бир жылдан бери айып пулдарын төлөбөй жатканын эскертип, спирт ичимдигин колдонгонуна шектенип наркологиялык борборго барууну өтүнүшкөн.
Жыйынтыгында, наркологиялык борбордон Сатылганованын спирт ичимдигин ичип алганы аныкталган.
Соцтармакка жарыяланган видеону "Барометр" этикалык тарабын эске алуу менен жарыялоону туура көрбөйт.
Добавить комментарий ×