Ырчы Гүлзада Рыскулова: "Эртугрул" сериалына Кыргызстандан 20 боз үй алдыртышыптыр"
Кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын бири Гүлзада Рыскулова үстүбүздөгү жылдын 8-майынан бери Түркиянын Стамбул шаарында пайдалуу менен керектүүнү айкалыштырып жүргөн чагы. Ырчы ал жактан концерт берүүгө да жетишти.
Өзүнүн чет өлкөдөгү эс алуусу жана концерти тууралуу ырчы социалдык тармактардагы баракчаларынан бөлүшүүдө.
Бул жолу ырчы дүйнөгө белгилүү болгон “Эртугрул” сериалы тартылган жерлерге барганын айтып, фильмде вандык кыргыздар роль жаратканы тууралуу кызыктуу маалымат менен бөлүштү.
“Белгилүү "Эртугрул" фильми тартылган жерде болдум. Бул тасмага биздин вандык кыргыздардын жана биздин уздардын салымы чоң экен. Кыргызстандан 20 боз үй алдыртышыптыр.Териден жасалган кийимдерди вандык Кенан мырза жасап бериптир. Биз Улуу Памирге бараардын алдында эле 150 чакты баш кийим жөнөттук дешти. Мындан сырткары вандык жигиттер монголдордун ролун жаратышкан”, -дейт ырчы айым.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-glzada-ryskulova-ertugrul-serialyna-kyrgyzstandan-20-boz-j-aldyrtyshyptyr
Добавить комментарий ×