Ырчы Гүлнур Асанова: "Жээнбеков же Бабанов? Деңгээлге жараша тандоо керек"

15 апрель 2019 10:04 2331 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Акыркы учурларда болуп жаткан саясий өзгөрүүлөр саясат өкүлдөрүн гана эмес карапайым калктын да оозунан түшпөй катуу талкууга алынууда. Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келбей калуусу ар тараптан сынга алынып интернет булактарын каптады.

Жадакалса бул темадан ырчылар да четте калган жок. Алардын бири Гүлнур Асанова.

Ырчы өзүнүн инстаграмдагы баракчасынан:

"Мындай суроо: Бирөөсүн тандоо керек! Мисалы апа же ата? Жээнбеков же Бабанов? Классика же рок? Деңгээлге жана профессионалдуулукка, сүйүүңүзгө жараша тандооңуз шарт", -деп окурмандарына суроо салды.

Ырчы 3 суроо бергенине карабай көпчүлүк "Жээнбеков же Бабанов?" деген суроонун айланасында кеп кылышты.

Ал эми ырчы өз учурунда аталган суроого "экөө тең эмес" деген жообун берди.


Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-glnur-asanova-zheenbekov-zhe-babanov-degeelge-zharasha-tandoo-kerek



Добавить комментарий