Ырчы Бурул Арунова турмушка чыкты: "Үйдү сагынып, оокат кылганга жетишпей калган учурларым болуп жатат"

6 май 2019 15:57 6308 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы жана мугалим Бурул Арунова турмуш жолуна аттанды. Анын кыз узатуу аземи 25-апрелде болуп, ал эми замарбап үлпөт тою шаарыбыздын тойканаларынын биринде 2-май күнү чоң шаан-шөкөт менен болуп өттү. Бул тууралуу жана жолдошу тууралуу Бурул Арунова Barometr.kg сайтына берген маегинде айтып берди.

-Саламатсызбы, Бурул. Куш бооңуздар бекем болсун! Келин болгон кандай экен?

-Чоң рахмат, азыр келиндик доорду сурүп жатам. Баары жакшы, ошол эле учурда токтотуп койбой иштеп да жатам. Мен өз кесибим менен жолдошум өз кесиби менен иштөөнү баштадык. Эрнис жеке бизнес менен иштейт.

-Жолдошуңуз кайсыл жердин кулуну?

-Жолдошумдун аты Эрнис. Экөөбүздүн жашыбыз тең. Ал Нарын облусунун Кочкор районунан болот. Азыркы учурда Бишкек шаарында турабыз, баардык туугандарыбыз менен жакшы катышабыз. Ата-энебиз да биз менен турушат, жолдошум үйдүн кичүүсү.

-Сыр болбосо канча убакыт кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүңүздөр эле?

-2016-жылы жолдошум өзү номеримди издеп таап мага чалган. Көптөн бери жактырып жүргөнүн айтты, ошол учурдан баштап чынын айтсам кыз кишинин жүрөгун багындыуу үчүн аябай аракет кылды. Билинбей эле 2 жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Анан былтыр, 2018-жыл жайдан баштап экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштап, 9 ай өткөндөн кийин минтип баш коштук.

-Келин болгон учурда кызыктуу окуяларга туш болдуңузбу?

-Кызыктуу окуя деле болгон жок, бүт баары өзүнүн орду менен болуп жатат жаңылышпайм, анткени күйөөм баардык учурларда кол кабыш кылып жатат. Кээде гана үйдү сагынып же болбосо оокат кылганга жетишпей калган учурларым болуп жатат, бирок баары жакшы.

Маегиңизге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-burul-arunova-turmushka-chykty-jd-sagynyp-ookat-kylganga-zhetishpej-kalgan-uchurlarym-bolup-zhatat



Добавить комментарий