Ырчы Баястан сүйүктүүсүнүн колун сурады

27 май 2018 03:05 3072 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Заманбап ырчы-рэпер Баястан бийчи кыз Зульфия Лансарованын туулган күнүндө анын колун сурап, шакегин салды. Ал бул тууралуу Баястан өзүнүн Инстаграмм баракчасында кабарлаган.

Анда ырчы: “Кудай буюрса тоюбуз кереметтүү Ысык-Көлүбүздүн жээгинде болот”,-деп жазган.

Эске салсак, 2017-жылдын декабрь айында Баястандын ата-энеси Зульфияга сөйкө салышканы маалым болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-bayastan-sjktsnn-kolun-surady



Добавить комментарий