Ырчы Асель Кадырбекова жаңы төрөлгөн наристеси тууралуу: "Акырындап өзүбүзгө келип жатабыз, салмагыбыз 3500"

28 март 2019 12:07 20869 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 27-мартта ырчы Асель Кадырбекова жолдошу Нурлан Насипти кырк жылкылуу кылган. Бул жаңылык көпчулүктү сүйүнтүп, жылдыздуу түгөйлөр куттуктоо сөздөрүнө көмүлүп калды.

Бүгүн Асель Кадырбекова да өзүнүн баракчасына "апа" статусуна ээ болгону тууралуу жазды. Анда ырчы:

«Баарыңыздарга чоң рахмат. Буюрса ата-эне статусуна ээ болдук, акырындап өзүбүзгө келип жатабыз. Салмагыбыз 3500, боюбуз 52 см», -деп төрөттөн кийинки сезимдери менен бөлүшүп төрөт үйүнө ыраазычылык билдирди.

Ырчынын окурмандары дагы деле куттуктоо сөздөрүн жазып калтырышууда.

Эске салсак, жылдыздуу түгөйлөрдүн заманбап үйлөнүү үлпөтү 2018-жылдын 10-майында шаарыбыздын тойканаларынын биринде болуп өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-asel-kadyrbekova-zhay-trlgn-naristesi-tuuraluu-akyryndap-zbzg-kelip-zhatabyz-salmagybyz-3500



Добавить комментарий