Ырчы Алмаз Шаадаев жактырган кызынын колун сурады. Той качан?

11 март 2019 15:26 6080 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Алмаз Шаадаев кечээ кесиптеши жана аяшы Айдана Деканын кыз узатуу тоюнда Айжан аттуу журналист кыз менен чогуу жүргөнүн байкап калышты. Бул тууралуу ырчы да өзүнүн интернет баракчасына видео менен бөлүштү.

Видеодо ырчы Алмаз Шаадаевге журналист жигит тамашага салып “той качан?” деген суроо кайрылган. Ал суроосуна Алмаз:

“Үйлөнүү той, ушул кыз жагып жатат. Макул болсо эле үйлөнөм”, -деген жообун узатты.

Аны менен катар кыз макул экенин билдирип кайра артынан “видеону таратпачы” деп суранганын көрүүгө болот.

Эске салсак, буга чейин Алмаз Шаадаев досу Аваз Акимовдун концертинде бир селки менен көзгө илинген эле. Ырчынын айтымында бул дал ошол концерттеги селки.

"Тамаша бирок чындыгына жараша" дегендей Алмаз Шаадаевди бул кызды жандап жүргөнүн ырчы Анжеликанын да инстаграмдагы сторис бөлүмүнөн кезиктирүүгө болот.

Той бүтүп үйүнө кайтканын Алмаз кайрадан “үйлөнүш керек эле” деген пикирин катталуучулары менен бөлүштү, ал күн да алыс эмес көрүнөт.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-almaz-shaadaev-zhaktyrgan-kyzynyn-kolun-surady-toj-kachan



Добавить комментарий