Ырчы Алмаз Шаадаев ак өргөлүү болду. Тойго даярдыкпы?

15 март 2019 10:00 2340 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Алмаз Шаадаев ак өргөлүү болду. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу элге сүйүнчүлөдү.

Шаадаев баракчасына үйүнөн түшкөн сүрөтүн жүктөп:

"Ак өргөлүү болдум, куттуктап коюңуздар кубанып калайын", -деп жакшы жаңылыгы менен бөлүштү.

Ырчынын Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Эрнис Сыдыков өңдүү бир катар достору куттуктап "азаматсың" деген пикирлерин айтышты.

Ал эми ырчынын күйөрмандары жана жалпы окурмандары үйлүү болгону менен куттуктоо менен катар үйлөнүүсүн да каалашты.

Айрымда "өткөндө видеодогу кызга эми үйлөн эртерээк" деген пикирлерин да билдиришти.

Эске салсак, интернет булактарына Аваз Акимов менен Айдана Деканын жакшылыгында Нурмат Садыров тамаша иретинде Айжан аттуу кызга үйлөнөм деп айткан видеосу тараган. Кызыгы көпчүлүк Нурмат менен Айжанды "аябай окшош экенсиңер" дешип бакыт каалоого жетишишкен.


Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-almaz-shaadaev-ak-rgl-boldu-tojgo-dayardykpy



Добавить комментарий