Ырчы Айдана Деканын кыз узатуу тою болуп өттү
Ырчы Айдана Деканын кыз узатуу тою болуп өттү. Бул тууралуу эки жаш жана алардын сахналаш достору өздөрүнүн инстаграм баракчаларына сүрөттөрүн жүктөп сүйүнчүлөштү.
Маалым болгондой Айдана ырчы Аваз Акимовго турмушка чыгууда. Эки жаш көптөн бери уланып келген кыз жигит мамилесин Айдананын туулган кунүндө ачыкташып, андан кийин тойго даярданып жатышканын айтышкан эле.
Ал ортодо көпчүлүк той күнүн да божомолдоого жетишкен эле.
Эми минтип көпчүлүктүн суроолоруна жооп кылып жылдыздуу түгөйлөр баш кошушту. Кыз узатуу аземи шаарыбыздын тойканаларынын биринде болуп өттү.
Эске салсак, Аваз Акимов үстүбүздөгу жылдын 14-февралында эл алдында Айдана Деканын колун сураган эле.
Добавить комментарий ×