Ырчы Айдана Дека сеп даярдап жүрөт. Той күнү качан?

6 март 2019 14:00 4885 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында ырчы Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурап макулдугун алган. Эми жакынкы күндөрдө той өткөрүлө турганын эки жаш өздөрүнүн инстаграм баракчалары аркылуу кабарлашууда.

Ырчы Айдана Дека акыркы күндөрдө өзүнө сеп даярдап жүргөнүн жана кыздардын кечесин өткөрүп жатканын айтты.

Айдана баракчасына кыздар кечесин баштоо учурундагы сүрөттөрүн жүктөп:

"Мындайды кыялданууга гана болот. Бул күн үчүн курбуларыма рахмат. Баарыңарды урматтайм жана баалайм. А азыр болсо биз жакын курбуларын менен тоодобуз", -деп баяндама жазды.

Ырчынын күйөрмандары тойдун алыс эместигин сезишип эки жашка бакыт-таалай каалашса, айрым хейтерлер "халатчан, бул эми эмнеси" деп сынга алышты.

Ал эми башкалар той 16-март күнү Ошто болот экен деген божомолдорун да жазып жетишишти. Эмнеси болсо да эки жаш бактылуу болсун.

Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajdana-deka-kyzdar-kechesin-tkrp-sep-dayardap-zhrt-toj-kn-kachan



Добавить комментарий