Күмөндөр Абылов: "Эмне жазсаң эле шалтактата сөгүп-сагып, ашмалтай болуп бүттүк"

14 август 2019 22:47 3036 8 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРнын эл артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абылов социалдык тармактан элди ынтымакка чакырды.

"Элди ынтымакка чакырып, жакшы ойлорду бөлүшүүгө, маанайды көтөрүүгө, элге пайда алып келип, зыяндуу нерселерден арылууга колдонсок, жакшы болот эле... Саясатчылардан да мурда элдин ыркын ушул ФБдагы ыйкы-тыйкы бузмай болду. Эмне жазсаң эле шалтактата сөгүп-сагып, улуу-кичүүсү ким экенине карабай, ашмалтай болуп бүттүк. Саясатчылардын талашчусу белгилүү. Бизге, жөнөкөй элге эмне жок дейм да... Алар баарын баштап, элди кырылыштырып коюшуп,  элден жеген байлыгына ныксырашып олурушканын деле билебиз. Баарын эле билебиз. Анан эле эмне болуп жатабыз? Жанагы фейк болуп алышып, Манас атабыздан өйдө сөккөндөр деле жыргап кетишкен жок. Жалаң элдин нервин жеп, күчөтүп жаткандар ошолор. Азыр ким эмне жазса эле, регион боюнча жаакташып, жада калса жөнөкөй эле бир сөз үчүн тытышып кетчү болдук

Келгиле туугандар! Ыдырап баратабыз! Ынтымакка келип, эртерээк эсибизди жыялы! Адегенде менден кеткен жерлери болсо кечирим сурайм! Кечиргиле! Уруштун арты эмне менен бүтөөрүн билебиз! Улуу элбиз! Баарыңарды ынтымакка чакырам!Бири-бирибизди кечиришип, түндүк-түштүк дебей, бузукулардын тилине кирбейли!

Албетте ар кимде бар кемчилик. Ошентсе да келгиле! Ушул максатта кимде кандай ойлору болсо, туура көрбөсөк деле урушпай-талашпай, балдарга үлгү бололу!?", - жазды куудул.

Ссылка: https://barometr.kg/yntymakka-keleli



Добавить комментарий