Япония 2035-жылга чейин дизель жана бензин менен иштеген автоунаарды сатууну токтотот

3 декабрь 2020 18:00 2981 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Япония 2030-жылдын ортосуна чейин бензин кыймылдаткычы менен иштеген автоунааларды чыгарууга жана сатууга тыюу салат. Бул тууралуу “Киодо” агенттиги жазган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

 Мындай демилгени өлкөнүн Экономика, өнөр жай жана соода министрлиги көтөрүп чыкты.

Министрлик, бул кадамын, дүйнө жүзү күрөшүп жаткан жаратылыштын бузулушуна себеп болгон зыяндуу заттарды азайтуу керек деп түшүндүрдү.

Маалым болгондой, 2030-жылдардын ортосуна чейин сатууга уруксат берилген бардык жаңы унаалар гибрид, электр же суутек кыймылдаткычы менен гана иштеши керек.

Ошондой эле, ушул максатта конкреттүү багыттар жылдын аягына чейин түзүлүп, иш жүзүнө ашырыла баштайт.

Эске сала кетсек, 2019-жылы дүйнө жүзүндө 10 миллионго жакын адам экологиянын бузулушунан көз жумган. Ошондой эле, экологиянын бузулушунан биринчи кезекте жакыр өлкөлөр жабыркайт.

Жакында эле “МувГрин” экологиялык кыймылы тараткан маалыматка ылайык Кыргызстандын борбору Бишкек дүйнөдө абасы жагынан эң булганыч шаарлардын экинчи сабында экени маалым болду. Тактап айтсак, булганган аба шаарларынын алдыңкы сабын Пакистан өлкөсүнүн Лахоре шаары ээлесе, Индиянын Калькутта шаары Кыргызстандан кийинки үчүнчү орунда турат.

Адистер Бишкек шаарында абанын булганышын автоунаалардын санын көбөйүшүнөн болуп жатканын айтып келишет.

Ссылка: https://barometr.kg/yaponiya-2035-zhylga-chejin-dizel-zhana-benzin-kyjmyldatkychy-menen-ishtegen-avtounaardy-satuunu-toktotot



Добавить комментарий