Врач кызды өлтүрүп, сөөгүн жиликтеп, чемонданга салып квартирасына алып кеткен

26 апрель 2019 15:51 36045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Курск шаарында дарыгер жолугушууга барган жерде кызды өлтүрүп, сөөгүн жиликтеп салганын мойнуна алды. Үрөй учурган мындай окуя ал кыздын накта аял эмес трансексуал экенин билгенден кийин болгон. Бул тууралуу Metro кабарлады. 

27 жаштагы Михаил кыз менен социалдык түйүндө таанышкан жана жолугушууну чечкен. Адегенде алар аянтта бирге сейилдеп эс алышкан. Андан соң кыз аны үйгө баралы деп чакырган.

Ал макул болуп 25 жаштагы Нинаны үйүнө барган. Бирок  үйгө барган кезде Михаил анын накта кыз эмес трасексуал экенин түшүнүп, арданып дароо керебетте муунтуп өлтүргөн.

Андан соң сөөгүн жиликтеп чемоданга салып, кылмыштын ишин жашырыш үчүн өзүнүн квартирасына алып кеткен.

 Нинаны апасы полицияга кызы жоголгону тууралуу кабарлагандан кийин полиция иликтөөнү баштаган.

“Дарыгер сөөктү ыргытканга жетишпей калган, анткени кармалды”,-деп кабарлашты укук коргоо органдарынан.

Эми аны 20 жылга эркинен ажыратуу күтүлүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/vrach-kyzdy-ltrp-sgn-zhiliktep-chemondanga-salyp-kvartirasyna-alyp-ketken



Добавить комментарий