Видео. Калааны ысыктан улам жылан каптап жатат
Батыш Казакстандын Уральск шаарындагы Зачаганск кичи районунун жашоочулары жыландар каптап жатканын айтып арызданышууда. Бул тууралуу 24.kz кабарлады.
Жыландар подъездерге сойлоп кирип жатышат.Жергиликтүү тургундар тиешелүү бийликке кайрыла берип жадашканын билдиришүүдө.Буга тиешеси бар инстанциялар эч кандай көмөк беришкен эмес.
Аталган микрорайондогу тургандардын эң улуусу, аксакал Владимир Горшков быйыл ысык болуп жаткандыктан улам жыландар көп келип жатканына токтолду.
“Быйыл аябай ысык болду. Дарыялар соолуп калды.Тамак аштын жоктугунан алар үйлөргө жакын келип жатышат. Айрыкча уулуу жыландардын келип жатканы тынчсыздандырууда”,-дейт аксакал.
Ссылка: https://barometr.kg/videokalaany-ysyktan-ulam-zhylan-kaptap-zhatat
Добавить комментарий ×