Видео. Журналисттерди саатына 100 чакырым ылдамдыкта жүргөн трактор сүзүп кетти

4 июнь 2019 13:12 5326 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Россиянын Ростов-на-Дону шаарында “Bison Trek Show” жарышы өтүп жаткан маалда тракторлордун бири журналисттердин тобун сүзүп кетти. Бул тууралуу tvzvezda.ru булагы кабарлады.

Айдоочу рулду башкара албай калган.

Видеодон кызыл футболкачан журналисттердин тобун трактор келип сүзгөнүн көрүүгө болот. Окуядан эч ким жабыркаган жок, бирок журналисттердин видеокамералары, фото жабдуулары сынган, трактор үймөк чөпкө кирип кеткен.

Окуя 2-июнда спорттук иш-чаранын маалында болгон.Спорттук жарышка 30 трактор айдоочу катышкан. Ар бир трактор саатына 100 чакырым ылдамдыкта жүргөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-zhurnalistterdi-saatyna-100-chakyrym-yldamdykta-zhrgn-traktor-szp-ketti



Добавить комментарий