Видео. Журналист Султан Жумагуловдун атындагы мелдешти ЭлТР командасы утту
Белгилүү журналист, мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футбол боюнча “Ынтымак” мелдешин ЭлТР каналынын футболчуалары жеңип алды.
Финалда алар “Кабар” маалымат агенттигинин командасын 4:2 эсебинде утту. Мелдеште байгелүү үчүнчү орунду Жалбырак ТВ каналынын командасы ээледи.
Султан Жумагуловдун жаркын элесине арналган футболдук турнир Бишкектеги футболдук борбордо өттү.
Ага Жогорку Кеңештин жана «НТС», «ЭлТР», «Маданият», «КТРК», «Кыргыз радиосу», «Жалбырак ТВ», «Би Би Си», «Азаттык», «Бешинчи канал», «Кабар», «Пирамида» каналдарынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин командалары катышты.
Бүгүнкү мелдешти өткөрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков колдоо көрсөттү.
Султан Жумагулов ВВС, «Азаттык» эл аралык маалымат кызматтарында, ошондой эле ЭлТР, КТРК телеканалдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал өткөн жылы Маданият, маалымат жана туризм министри кызматында иштеп туруп, узакка созулган оорудан кийин каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/video-zhurnalist-sultan-zhumagulovdun-atyndagy-meldeshti-eltr-komandasy-uttu
Добавить комментарий ×