Видео. Жогорку бийлик өкүлдөрү Түбөлүк отко келип гүл коюшту

9 май 2019 17:58 1295 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, төрага Дастанбек Джумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына арналган эскерүү-реквиемге катышты. Гүл коюу иш-чарасы Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отто болду. Бул тууралуу парламенттин спикеринин басма сөз катчысы Эльвира Темир билдирди.

Гүл коюу аземинен жана иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Джумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка расмий тараптар ардагерлерди аскер ашканасы бар талаа палаткаларына коштоп барышты.

Ссылка: https://barometr.kg/video-zhogorku-bijlik-kldr-tblk-otko-kelip-gl-koyushtu



Добавить комментарий