Видео. Жалал-Абадда дагы бир атка минер 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

4 февраль 2019 17:44 4268 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусунда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы маалымдады. 

Маалыматта айтылгандай, шектүү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын бурмалап чыгарып берүү үчүн акча талап кылган.

"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына А.А аттуу жаран арыз менен кайрылып, Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактары боюнча соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси акча талап кылып жаткандыгын билдирген. Арыз Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин (пара талап кылуу) 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ушул жылдын 1-февралында оперативдүү иликтөө иштеринин натыйжасында Шамалды-Сай шаарында 50 миң сом пара алып жаткан жеринен Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймактары боюнча соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси К.Т кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп жазылган берилген маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/video-zhalal-abadda-dagy-bir-atka-miner-50mi-som-para-alyp-zhatan-zherinen-karmaldy



Добавить комментарий