Видео. Ырчы Дайыр Исмадияровдун концертине 50 адам келгени талкууга түштү

1 апрель 2019 11:23 15432 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Ырчы Дайыр Исмадияровдун концертине 50гө жакын адам келгендиги катуу талкууга калды. Бул сындар тууралуу ырчы да өзүнүн пикири менен бөлүштү.

Исмадияров баракчасына концерт болуп жаткан жерден видео жүктөгөн. Тасмадан залда адамдын саны аз экенин көрүүгө болот.

“Кечээ күнү концерттен видео отчёт киргизсем, негативке бай комментарийлер жаады го чиркин, баары эмес бирок арасында болду. "50 кишиге да концерт коёсуңбу?"-дегендерге жооп берип койоюн. Биринчи кезекте мени сыйлап келген ар бир күйөрманымды сыйлайм, ырдайм жана зал 250 кишиге ылайыкталган чакан маданият үйү болгондуктан эл толуп 250дөн ашык киши болду . Телефондун ары жагында олтуруп алып негатив жазгандарга негизи теңелбей эле койюн дейм бирок кээде ашыкча асмандан түшкөнсүп комментарий жазышат. Неге мынча көкүрөк негатив, жаман сөздөргө толгон? Эгер менин чыгармачылыгым сиздерге жакпай жатса, менин баракчама кирбей эле койгула сураныч!
Чыныгы мени сыйлаган күйөрмандарым үчүн фото, видео жүктөйм, ошолор менен жакшы маанайымды бөлүшкүм келет”, -деп окурмандарына болгон таарынычын айтты.

Ал ырчынын күйөрмандары ага “азаматсың” деген бааларын беришти.

Эске салсак, аталган концерт Ынтымак айылынын маданият үйүндө болуп өткөн.

Ссылка: https://barometr.kg/video-yrchy-dajyr-ismadiyarovdun-koncertine-50-adam-kelgeni-talkuuga-tsht



Добавить комментарий