Видео. Улуу Жеңиштин 49-жазын ак-талаалыктар кандай тосушкан?

9 май 2019 17:01 1227 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн, 9-май-Улуу Жеңиш күнүндө социалдык тармактын колдонуучулары майрамга карата кызыктуу посттор менен видеолорду бөлүшүүдө. Россиядагы Кыргызстандын элчилигиндеги КР ИИМдин өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев төмөнкү кызыктуу видеону бөлүштү.

“Мындан 29 жыл мурун алыскы Ак-Талаа районунун өзүнүн райондук телевидениеси болгон экен. Ошол кездеги архивдерин көрүп олтуруп, 1990-жылдары Ак-Талаа районунда Улуу Жеңиштин 45-жазын Баетов айылында район эли өзгөчө маанайда тозгон кадрларды көрдүм. Жыл өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны азайып баратканы өкүндүрөт. Эч качан согуш болбосун, элибизде ынтымак болуп, өлкөбүз алдыга гана жылып,өнүп-өссүн! Майрамыныздар менен урматтуу Мекендештер!”,-деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/video-uluu-zheishtin-49-zhazyn-ak-talaalyktar-kandaj-tosushkan



Добавить комментарий