Хашим Зайналиев: Врачтардын ыйманын кетирип, акчанын кулу кылып коюптур

26 апрель 2019 17:47 2372 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-апрелде Оманга учуп кеткен табып Хашим Зайналиев өзүнүн нааразылыгын фейсбуктагы баракчасына бөлүштү. 

“Айланайын эл-журт акылым жеткен нерсени айтайын!!! Силер уккула!!! Кыргызстанда медицина Тынчтык айткандай тартипте түзүлгөн. Аны, ар бир инсандын, акчасын эмес, өмүрүн сактап кала тургандай багытта түзүүгө боло турганын көрсөтүп, далилдеп берүүгө Саламаттыкты сактоо министирлигинин, өкмөттү акыры түбү Президентке жана айланасындагыларды жеткирүүгө аракет кылдым. Аттиң, элди ойлогон, келечекти ойлогон эч ким жок. Баары пендечиликтен деңгээлинен чыкпайт; кызгануу, көрө албастык,... иштеймин - дегенди таппадым. Медицинаны бизнеске айландырышып, врачтардын ыйманын кетирип, акчанын кулу кылып коюптур. Медицина ооруунун "тяжестин" алып коет, дарт сакталып кала берет, акырындап ырбап отуруп, адам өмүрүн алат. Дарылоонун системасы ушундай иштелип чыккан. Аны өзгөртүүнү эч ким каалабайт. Дагы айтаарым: врачтарга барып ооруп жаткан оорууга диагноз койдурсаңар, аны кайра-кайра текшерткиле!!! Алар дайыма алдашат, эптеп акчаны алуу үчүн!!! Баарынарга чын ден соолук тилеймин Мекендештер!”,-деп жазды табып.

Эскерте кетсек, февраль айында Бишкектин Октябрь райондук соту элдик дарыгер атыккан Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп чечим чыгарган.

Зайналиев Оманда өз ишмердигин жүргүзүүгө уруксат алганы белгилүү болду.

Ссылка: https://barometr.kg/hashim-zajnaliev-vrachtardyn-yjmanyn-ketirip-akchanyn-kulu-kylyp-koyuptur



Добавить комментарий