Видео. "Марва" телеканалынын жетекчисин Туйгуналы Абдраимовдун “жансакчылары” муунтубу?

6 июнь 2019 13:08 1311 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн журналисттер менен жарандык активисттер губернатор Тургунаалы Абдраимовго каршы митингге чыгышып, анын кабинетине чейин барышты. ММКнын өкүлдөрү Абдраимовдон журналист кыздан кечирим суроосун талап кылып келишкендерин айтып, бул жоругуна түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты.

Тургунаалы Абдраимов бир топ убакыт кабинетинин эшигин ачпай, журналисттерге жооп берүүдөн баш тарткан менен ал баары бир жеринен пресс-конференция өткөрүүгө аргасыз болду. Бирок ага карабай губернатор  ММК өкүлдөрүнүн берген суроолоруна так, даана жооп бербестен, өзүнүн кечээки иш аракетин “туура эле кылдым” деп санаарын айтты.

Ал эми анын тарапташтарынын бири:

“Тургунаалы Абдраимов журналистти шылдыңдап күлгөн эмес. Ал жөн гана мыйыгынан жылмайган”, -деп актанганга да жетишти.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип бербей туруп губернатор  кабинеттен качып чыгып кетүүгө жетишти. Артынан чыккан журналисттер “Таппасаң сыйпалап кал” деген макалдагыдай болуп бири эшиктен издесе, экинчиси лифтти аңдып кала берди.

Жарандык активисттердин бири Мелис Аспеков журналисттерге:

“Мага бир нерсе боло турган болсо мен Абдраимовдон көрөм. Ал мага сен жооп бересиң деп коркутту”, -деп губернатор тарабынан коркутуулар болгонун билдирди.

"Марва" теле каналынын жетекчиси Улукбек Карыбек уулу губернатордун кабинетине жалгыз барганда анын “жансакчылары” муунтуп, күч колдонуп чыгарып жибергенин айтып берди.

Губернатор журналист кызды кемсинткени үчүн кечирим сурабасын айтып аны кабарчы “сары кыз” башкача үн менен “сиз неге кеч келдиңиз?” деген суроо бергенине ачуусу келгени менен түшүндүрдү.

Эске салсак, кечээ, 5-июнь күнү Сокулук районуна караштуу Орок айылында Айт намазынан кийин болжол менен саат 8:30да өспүрүмдөр уруша кетип эки жаш жигит 2002-жылы туулган А. Т.,ны сабап салышкан. Сотко чейинки сурак маалында бул эки өспүрүм 1996-жылы туулган А. К., жана 2004-жылы туулган А. А.,экени белгилүү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/video-turgunaaly-abdraimov-zhurnalistterdin-surooloruna-toluk-zhoop-berbej-kachyp-ketti



Добавить комментарий