Видео. Түркияда кыргызстандык 23 жаштагы жигитти көчөдө атып кетишти
Бөлүшүү:
Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы кыргызстандык М.И.ни атып кетишти. Бул тууралуу haberler.com. кабарлады.
Каза тапкан жигит менен белгисиз эркек кишинин ортосунда чатак чыгып, бейтааныш адам аны көчөдө атып салып, качып кеткен.
40 жаштагы шектүүнү Аланьядагы үйүнөн кармашты.
Окуянын күбөлөрү полиция чакырган. Тез жардам кызматынын дарыгерлери М.И.нин каза тапканын аныкташып, сөөгүн моргго жиберишти.
Ссылка: https://barometr.kg/video-trkiyada-kchd-kyrgyzstandyk-23-zhashtagy-zhigitti-atyp-ketishti
Добавить комментарий ×