Видео. Трансгендер Жаныбек (Жазка): "Балагат жашымда эркектик мүчөм турбай калган"

6 июнь 2019 14:36 26536 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз блогерлеринин бири Сыдыман өзүнүн инстаграмдагы баракчасынан күн сайын түз эфирге чыгып кыздар менен сүйлөшүп кызыктуу маектерди курат. Анын кечээки эфиринде конок болуп трансгендер кыз келди.

Аталган түз эфирди Сыдыман баракчасына сактап койду. Ал жигитке атың ким деп суроо бергенде:

“Атым Жаныбек бирок кызмын”, -деп жооп берген.

Жаныбек:

“Мен 12 жашымда өзүмдүн транс экенимди билдим. Анткени балагат жашымда эркектик мүчөм турбай калган. Азыр Бишкекте эмесмин. Өзүмдү кыз деп билем. Чачымды жасалма жол менен өстүрүп, көчөдө кыз болуп жүрөм. Чыныгы эркектер кээде адашып таанышып алышат. 2000-жылкымын, азыр 19 жаштамын. Жазка деп койсоңуз болот”, -деп өзүн тааныштырган.

Ал жадакалса аялдардын ич кийимин кийип жүрөөрүн да ачык көрсөткөн. Жигит өзүнүн бетин толук көрсөтпөсө да анын үнүнөн байкоого болот.

Сыдыман да өзү таң калганынан аны кыз же жигит деп атай албай жакшы адам экенсиң деп гана кайрылган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-transgender-zhanybek-zhazka-balagat-zhashymda-erkektik-mchm-turbaj-kalgan



Добавить комментарий