Видео. Самара Каримова: Кремлдеги концертке "Илияздын ырын” жаңылаттык
Ырчы, актриса Самара Каримова социалдык тармакта Кремль сарайында боло турган концертке даярдыктары тууралуу маалымдады.
Каримова концертте "Илияздын ыры" атту репертуарын аткарарын айтты.
Эске салсак, "Илияздын ыры" Чыңгыз Айтматовдун повесттинин негизинде тартылган "Кызыл жоолук жалжалым киносунун саундтрекки.
Каримованын Москва шаарынын мамлекеттик Кремль сарайында 23-октябрда "Азиянын жүрөгүнөн дүйнөгө карай” аттуу концертти белгиленген.
"Достор жагымдуу кабар! Буйруса Кремль сарайында жаңыра турчу ырыбыздын үстүнөн жакшылап иштеп чыгып сиздер үчүн тартууладык", - деп жазды Каримова.
Ссылка: https://barometr.kg/video-samara-karimova-kremldegi-koncertinde-iliyazdyn-yryn-yrdap-zhayrytmakchy
Добавить комментарий ×