Видео. Реп ырчысы Баястан кырк жылкылуу болоорун жубайы өзгөчө жол менен кабарлады
Бөлүшүү:
Реп ырчысы Баястан менен Зульфиянын кыз наристе күтүп жаткандыгы белгилүу болду. Бул тууралуу жаш түгөйлөр инстаграмдагы жеке баракчаларынан кабарлап, видео менен бөлүштү. Зульфия жолдошуна кыз төрөй турганын өзгөчө ыкма менен билдирди.
Маалым болгондой, бир аз убакыт мурда реп ырчысы Баястан жубайы Зульфия экөө туң наристесин күтүп жатканын кабарлашкан эле. Эми минтип наристенин кыз экени белгилүү болду.
Жубайлардын кубанычы койнуна батпай турган чагы. Алардын кесиптештери, күйөрмандары да куттуктоолорун жазып калтырышууда.
Добавить комментарий ×