Видео. Ош базарда соодагерлер митингге чыкты

11 март 2019 13:37 9770 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-мартта Ош базарында соода орундары өрт кырсыгынан жабыркаган соодагерлер митингге чыгышты. “Биздин жумуш ордубузду бергиле!” деген ураандарды көтөрүп алышкан соодагерлердин бири barometr.kgге төмөнкүлөрдү айтты.

“Биздин митингге чыкканыбыздын себеби-эртеңки күн кандай болот деп соодагерлер түйшөлүүдө. Өрттөнүп кеткен имараттын ордун тургузуп беришти. Бирок тургузуп бергени менен эч кандай шарты жок, талапка жооп бербейт эң эле жөнөкөй мисал, дааратканасы, суусу жок. Биз баарын тартиби менен киргизип беришин талап кылабыз! Банкка алдын ала акча төккөндөн кийин гана киресиңер деп жатат. Эки айга алдын ала берет экенбиз акчасын. Кышы менен биз титиреп миң доллардан төлөп орунду брондоп жаттык. Соода жок. Топтогон акчабызды жеп ичип бүттүк. Өзүн өзү багып жаткан акча таап жаткан элди басмырлап жатат.Администраторлор эч нерсени караган жок. Болгон талабыбыз-ирети менен жумуш орундарыбызды камсыздап беришсин!,-деп айтты barometr.kgге кайрылган митингдин катышуучуларынын бири.

Эскерте кетсек, Ош базарында 2018-жылы төрт ири өрт кырсыгы катталган. Алардын алгачкысы 30-январда болсо,13-апрелде, 5-мартта жана 4-декабрда да үч өрт кырсыгы катталган. Күйүп кеткен соода орундарынын ордуна жаңы объектин куруу иштери колго алынып, бүткөрүлгөн. Курулушту тез арада бүткөргөндөн кийин соода орундары күйүп кеткен соодагерлер жеңилдетилген түрдө соода аянттары менен камсыздалары кабарланган болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-osh-bazarda-soodagerler-mitingge-chykty



Добавить комментарий