Видео. Мурадил Данияров менен Лутфилла Бусурманкул уулу өнөр адамдарынын ортомчулугу менен элдешишти

13 февраль 2019 12:56 3820 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Жаңыдан чыгып келе жаткан ырчы Мурадил Данияров менен продюсери Лутфилла Бусурманкул уулу көпкө созулган таарынычтан кийин элдешти. Бул тууралуу Мирадил өзүнүн инстаграм баракчасына аларды кимдер элдештиргендигин жана катасын түшүнүп жатканын айтып видео жүктөдү.

Ал эми видеого баяндама кылып:

"Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. 8 айдын ичинде дүңгүрөтүп Кыргызстанды түрө кыдырып, өзүмдүн жеке концертимди элге тартуулаган продюсерим Лутфилла Бусурманкул уулу менен көпкө узаган ички таарынычын чыгармачылык чөйрөдөгу Жеңиш Айтиев, Кутман Султанов жана Эмил Балтагулов агаларымдын жардамы менен жаздык. Мени ата-энем ичкен ашыңа түкүрбө деп тарбиялаган, көрө албастардын  тилине кирип продюсеримди капа кылып алгам, эми минтип жакшы жаңылыгымды сиздер менен бөлүшкүм келди. Мени колдоп берген Жеңиш Айтиев, Кутман Султанов, Эмил Балтагулов агаларыма рахмат жана мени кечирген продюсерим Лутфилла Бусурманкул уулуна терең ыраазымын. Бар болгула алтын адамдар", -деп жазып көпчүлүккө кубанычы менен тең бөлүштү.

Сыягы эми "Мурадил продюссерин алдап кетиптир" деген өңдүү айтылган бир катар сөздөргө чекит коюлчудай. Бирок ошентсе да Данияровдун катталуучуларынан "Токчулукту кой гана көтөрө алат деген чын экен", "күнөөңдү сезгениң жакшы болуптур", "ырчылар өзү ушундай болосуңар", "эртең кайра урушпасаңар эле болгону" деген өңдүү түрдүү мазмундагы пикирлер айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-muradil-daniyarov-menen-lutfilla-busurmankul-uulu-nr-adamdarynyn-ortomchulugu-menen-eldeshishti



Добавить комментарий