Видео. Мирбек Атабеков араб элин "Мөлмөлүмгө" бийлетти
Ырчы Мирбек Атабеков Дубайда араб элене кыргыздын элдик ырларынын бири болгон "Мөлмөлүм" чыгармасын тартуулап элди таң калтырды. Араб элине чыгарма өзгөчө таасир калтырганын видеодо бийлеп жаткандарды сөссүз түшүнүүгө болот.
Мирбек Атабеков бул видеону жүктөп гана тим болбостон:
"Мөлмөлүм арабдарга жакты". -деп баяндама жазып койду.
Видеодо ырды коштоп, бийлеп жүргөн араб элинин өкүлдөрүн көрүүгө болот.
Андан кийинчерээк дагы бир жерде "Мөлмөлүмдү" ырдап жаткан видеосу менен бөлүшкөн Мирбек Атабеков:
"Мен бардык жерде "Мөлмөлүмдү" арабдар үчүн аткаруумду суранышканына кубанычтамын", -деп таң калганын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/video-mirbek-atabekov-arab-elin-mlmlmg-bijletti
Добавить комментарий ×