Видео. Караңгыда сейилдеген белгисиз жандык катуу талкууга түштү

11 июнь 2019 14:19 12770 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  

Социалдык тармактарда караңгыда сейилдеп жүргөн белгисиз жандыктын видеосу катуу талкууга түштү. Бул тууралуу АКШдагы "Фейсбук" колдонуучу  Вивиан Гомес өзүнүн баракчасына бөлүшкөн.

Аны көргөндөр тамашалап, коркутушуп ар кандай божомолдорду жазышууда. Жада калса атактуу "Гарри Поттердин" каармандарына дагы салыштырып жиберишти.

Видеодо адегенде кара көлөккө пайда болот. Андан кийин арык, адам сөлөкөтү баса баштайт.Буга чочулаган кыз бир гана камерага түшүп калгандыгын жана башкалар көрдү бекен дегендей максатта бөлүшкөн.

Бул роликти 7 миллионго жакын адам көрүшкөн жана социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн. Көргөндөр мунун эмне экендигине түшүнө албай ар кандай божомолдорду айтышууда. Алар аны ач-арбак, марионетка жана жомок каармандары деп айтышса, көпчүлүк колдоочулар  "инопланетянин" деп жазышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-karagyda-sejildegen-belgisiz-zhandyk-katuu-talkuuga-tsht



Добавить комментарий