Видео. Индонезиядагы жер силкинүү менен коштолгон цунами
Индонезиядагы жер титирөө менен удаалаш келген цунами кырсыгы адамдардын өмүрүн алып, шаарды кыйратып кетти. Жергиликтүү куткаруу кызматынын официалдуу билдиргенине караганда кырсыктан көз жумгандардын саны 800дөн ашты. Алардын берген маалыматына ылайык, адамдардын жансыз денелерин жээктерден, ар кандай жерлерде көмүлүп, жер астында, имараттын астына басылып калган жерлерден алып чыгышууда. Мындай көрүнүш менен каза болгондордун саны 1000ден ашары айтылууда. Кырсыктан миңдеген имараттар, соода борборлору жана ооруканалар кыйраган.
Эске салсак, Индонезиядагы Сулавеси аралында жума күнү күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, аны менен коштолгон цунаминин бийиктиги 2 метрге чейин жеткен. Ал эми айрым жерлерде суунун бийиктиги 6 метрге чейин жеткендиги айтылды.
Учурда официалдуу өкүлдөрдүн билдиргенине караганда чет өлкөлүк жарандардан Түштүк Кореялык бир жаран жана Франциялык 3 жаран дайынсыз болууда.
Ссылка: https://barometr.kg/video-indoneziyadagy-zher-silkin-menen-koshtolgon-cunami
Добавить комментарий ×