Видео. Индияда 19 жаштагы баланын өлүмүнө шектүү делген аялды жылаңач ортого салып алып соттошту

27 август 2018 13:00 2137 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Индияда 19 жаштагы баланын өлүмүнө шектүү делген аялды жылаңач ортого салып алып соттошту. Бул тууралуу видеолор интернет баракчаларга тарады. Анда көрүнүп тургандай аялга ар кандай нерселер менен ургулап, кыйкырып, ортого салып алып бара жаткандарын көрүүгө болот. Чет элдик басылмалардын берген маалыматына ылайык, 19 жаштагы баланын жансыз денесин темир жолдон табышкан. Муунтуп өлтүрүлгөн деген божомол менен баланын айылдаштары шектүү катары аялды күнөөлөшкөн. Видео интернетке таркагыча полиция бул окуя боюнча кабардар болгон эмес. Полиция келгенден кийин аялды оор абалда жакынкы ооруканага жеткиришкен. 

Окуя Индиянын Бехар штатындагы шаарлардын биринде болду. Видео бул жерде

Ссылка: https://barometr.kg/video-indiyada-19-zhashtagy-balanyn-lmn-shekt-delgen-ayaldy-zhylaach-ortogo-salyp-alyp-sottoshtu



Добавить комментарий