Видео. Илим Карыпбеков Андрей Малаховго Кыргызстандан чоң салам жолдоп, аны “гадёныш” деди
Орусиянын “Россия - 1” телеканалынын алып баруучусу Андрей Малаховдун Кыргызстан жана кыргызстандыктарды басмырлап айткан сөзү боюнча Илим Карыпбеков пикир билдирди.
Бул тууралуу ал видео кайрылуу жасап, өзүнүн facebook’тагы баракчасына жайгаштырды.
Өз кайрылуусунда Коомдук каналдын мурдагы башчысы Карыпбеков Кыргызстан дүйнө жүзүндө орус тилин расмий тил катары кабыл алып, ага өзгөчө урмат көрсөткөн жападан-жалгыз өлкө экенин, эки мамлекеттин кылымдар бою келаткан достугун, өз ара ынак мамилесин эске салат.
Ар кайсыл доорлордо эки өлкөнүн ортосуна чагым салган “гадёныштар” чыгып келгенин, бул ирет ошол “гадёныш” Андрей Малахов болгонун белгилейт.
Илим Карыпбеков Андрей Малахов мындай сөздөрдү эмоция менен айтып алганын, бул үчүн терең өкүнүп жатканын, жакынкы күндөрү бул өкүнүчтү айтат деп үмүттөнөрүн билдирет.
Эске сала кетсек, “Колбаса королу” атыккан орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александрдын автокырсыкка учурап каза болгон жагдайы Андрей Малаховдун «Түз эфир» телеберүүсүндө талкууланган. Анда алып баруучу Андрей Малахов кырсыкты «кокустук эмес, атайын уюшулган» деп, анын катышуучусу кыргызстандын жаранын бир тараптуу күнөөлөп чыккан.
Андрей Малахов: “Рулда 20 жаштагы балакай. Жарым ай мурун башка өлкөдөн келип, такси айдап иштеп жүрөт. Аларга 100 000 доллар берсең, үй бүлөсүн, айылын, бүткүл туугандарын кубантат. Анткени, алар мынча акчаны таба албайт. Аларда айлык 10 доллар», – деп айткан.
Малаховдун мындай сөздөрүнө нааразы болгон кыргызстандыктар андан кечирим сурашын талап кылууда. Социалдык тармактардан да, Ютуб каналына кайрылуу жасашып, «Малахов кечирим сурасын» деген акцияны башташкан.
Буга чейин саясатчы Камчыбек Ташиев да бул боюнча өз оюн билдирип, Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкуловго кайрылып, тезинен аракет көрүүгө чакырган болчу.
Добавить комментарий ×