Видео. Гүлзат Мамытбек Кремлде болгон Самара Каримованын концертин көрүп ыйлады

30 октябрь 2019 22:35 4757 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Белгилүү саентолог, өзүн кыргыздын, планетанын деми деп атаган Гулзат Мамытбек эстрада ырчысы Самара Каримованын Кремлде болгон концертине болгон ыраазычылыгын билдирди.

Гүлзат, Каримованын Кремлде болгон концертин көрүп сүйүнгөнүнөн ыйлаган видеосун социалдык тармакта таратты.

"Кыргызды Москвадагы Кремлге алып барып, кыргыздын, орустун ырын ырдап  эки элдин ынтымагын бириктирип келген Самарага даңк! Кыргыз эми Москваны  эле баспай Голливудду", - да бассын деп ыраазычылгын билдирди.

Эске салсак, Самара Каримованын жеке концерти 23-октябрда Кремль сарайынын концерттик чоң залында өткөн

Каримова өзү да концерт ийгиликтүү өткөнүн айтып, анын да көзүнөн жаш тегеренгенин кошумчалаган.



Ссылка: https://barometr.kg/video-glzat-mamytbek-kremlde-bolgon-samara-karimovanyn-koncertin-krp-yjlady



Добавить комментарий