Видео. Футбол КПЛ: "Дордой" чемпиондукка бир кадам жакындады
Бөлүшүү:
Бүгүн футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги турунда Бишкектин “Дордой” клубу “Илбирс” командасын 1:0 эсебинде утуп, чемпиондукка дагы бир кадам жакындады.
Бул тууралуу “Дордой” футболдук клубунун расмий өкүлү Теңкелбес Мусаев “Barometr.kg” сайтына билдирди.
Анын айтымында, беттештеги жалгыз голду оюндун 76-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу киргизди.
Дордой бул жеңиш менен мелдештик жадыбалда артында келаткан “Алай” командасынан 7 упайга озду.
Ссылка: https://barometr.kg/video-futbol-kpl-dordoj-chempiondukka-bir-kadam-zhakyndady
Добавить комментарий ×