Видео. Бишкекте кыз 4-кабаттан секирип жанын кыймак болгондо куткарышты
Бөлүшүү:
Бишкекте кыз 4-кабаттан секирип жанын кыймак болгондо куткарышты жана ал дарыгерлерге өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Окуянын күбөлөрү Бишкектеги Ибраимов-Москва көчөлөрүнүн биринде жайгашкан үйдүн 4-кабатынан боюн таштамак болуп жаткан кызды видеого тартып калышкан.
5-кабаттан аял жана дагы бир жигит шейшепти түшүрүп кызды куткарууга аракет кылышкан. Окуянын күбөлөрүнүн айтымында алар кыздын туугандары экенин болжолдоого болот.
Ссылка: https://barometr.kg/video-bishkekte-kyz-4-kabattan-sekirip-zhanyn-kyjmak-bolgondo-kutkaryshty
Добавить комментарий ×