Видео. Баткендик жигиттин орусча, ал түгүл кыргызча сүйлөгөнү көпчүлүккө күлкү тартуулоодо
Интернет булактарында Баткен облусунда тартылган видео кызуу талкуу жаратып, көпчүлүктүн жүзүнө күлкү тартуулоодо. Видео интернеттеги ар түрдүү баракчаларда таратылгандыктан видеонун автору ким экендиги белгисиз.
Видеодо Баткен облусунун символдорунун бири болгон “Айгүл” гүлүнүн тоосунда тартылган. Анда ошол жердеги жигиттердин бири бийик чокуга чыгып жергиликтүү элдин диалектиси менен эс алуучуларга эскертүү сөздөрүн айткан. Баарынан да анын орус жана англис тилинде сүйлөгөнү талкууга түшкөн.
Айрымдар жигитти орус тилиндеги айрым сөздөрдү туура эмес айткандыгы үчүн катуу сынга да алып жетишишти.
Жигиттин тамашалуу сүйлөгөнү көпчүлүктүн көңүлүн көтөрдү.
Ссылка: https://barometr.kg/video-batkendik-zhigittin-oruscha-gl-kyrgyzcha-sjlgn-kpchlk-klk-tartuuloodo
Добавить комментарий ×