Видео. Баланы сүзүп кеткен айдоочу кечирим сурады

22 апрель 2019 12:07 2273 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баланы сүзүп кеткен айдоочу кечирим сурады жана аны дарылатууга болгон чыгымдарды төлөп турганын айтты. Бул тууралуу кырсыкка кабылган 12 жаштагы Андрей Царевскийдин атасы Александр Царевский билдирди.  

Буга чейин кабарлангандай,18-апрелде 12 жаштагы Андрей Царевскийди Токтоналиев жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде Шабдан аттуу айдоочу Toyota Windom унаасы менен сүзүп кеткен.Баланын атасынын айтымында ал керемет менен аман калган, төрт күн бою комада жаткан.

Бирок айдоочу чыгымдарды төлөп бербей, анын жактоочусу кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чараларын үзгүлттүккө учуратууга аракет кылган. ЖМКга жарыяланган бир нече кайрылуудан соң айдоочу кечирим сурап, баардык чыгашаларды төлөп бермей болду.

“Маселе чечилди! Акыйкаттык орноду! Шабдан өз катасын түшүндү! Андрейди дарылата турган акчанын жарымын төлөп койду. Шабдан эркекче кечирим сураган видеону жарыялоого уруксат берди.Сиздерден Шабданды кечирип коюну өтүнөм”,-деп жазды баланын атасы Царевский өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына.

 

Ссылка: https://barometr.kg/video-balany-szp-ketken-ajdoochu-kechirim-surady



Добавить комментарий