Видео. Айла жоктон эттим ай. Эркектин кеңеши элди таң калтырды
Интернет айдыңы өзүнүн колдонуучуларын күн сайын таң калтырып турат. Маалымат абдан көп. Бирок пайдалуу кеңештер боюнча видео-роликтер чоң суроо-талапка ээ болот.
Интернеттеги каналына ар кандай кеңеш жүктөгөн Евгений Тищенко кеңеш берүүгө эч нерсе таппай калып айласы кеткенби, айтор “Сууну кантип кайнатуу керек?” деген роликти жүктөп элдин күлкүсүнө калып, кызуу талкууга алынды. “Чындыгында сууну кантип кайнатып алууну билбейт экенбиз”, “2019 - сууну кантип кайнатабыз?”, “2029-абаны кантип дем алабыз?” деп тамашалашкандар ар кандай комментарийлерди жазышып, Инстаграмда 1 миллиондон ашык киши көргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/video-ajla-zhokton-ettim-aj-erkektin-keeshi-eldi-ta-kaltyrdy
Добавить комментарий ×