Видео. Айеркен Саймайтини өлүмүнө шектүүлөрдү полиция Стамбулга алып келди

12 ноябрь 2019 23:48 2939 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Кытай жараны, ишкер Айеркен Саймайтини өлтүрдү делинген үч шектүү Аданадан Стамбулга алынып келинди. Бул тууралуу Haberler жазды. Алар Стамбул полициясынын Гареттеп башкармалыгына алынып келинген.

Эске сала кетсек, түрк полициясы кытай ишкерин өлтүрүүгө шектүү үч жаранды колго түшүргөн. Анын экөө Хусеин Ахметалиев жана Абдуллах Энвер Кыргызстандын жараны, ал эми үчүнчүсү Сириялык Али Ишбе болуп чыкты.

Жеке ишкер Айеркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбул шаарында кафелердин биринде отурган жеринен атып кетишкен. Алган жаратынан ооруканага жетпей жан берген.

Ишкер атылып өлтүрүлгөн жердин жанында Кыргызстандын Консулуна таандык актоунаа болгон. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги да бул маалыматты тастыктап, ал сатыкка коюлган унаа болгонун билдирди.

Айеркен Саймаити Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлар тууралуу журналисттик иликтөөнүн каарманы катары таанымал. "Азаттык-медиа" жүргүзгөн иликтөөгө ылайык Саймайти жубайы экөө «Абдыраз» ишканасы аркылуу Кыргызстанга ири көлөмдөгү акча которууларды жасаган.

Ссылка: https://barometr.kg/video-ajerken-sajmajtini-lmn-shektlrd-policiya-stambulga-alyp-keldi



Добавить комментарий