Вице-премьер Жеңиш Разаков Баткен областына жөнөп кетти

14 март 2019 10:59 924 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Жениш Разаков кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайга байланыштуу бүгүн, 14-мартта Баткен областына жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.  

Учурда  Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынан орун басары Курманбек Исаков жана Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жеринде иш алып барууда.  

Эскерте кетсек, кечээ 13-мартта Кыргызстандын Баткен областынын Аксай айылынын тургундары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосундагы чатак чыккан. Чатактын келип чыгышына Аксай-Тамдык  айланма жолунун курулушу себеп болгон. 70тей тажик жараны жана 50дөй кыргызстандыктар бири-бирине таш ыргытышкан.

Мамлекеттик чек ара кызматы берген маалыматка таянсак, учурда чек-арадагы жагдай салыштырмалуу туруктуу.



Ссылка: https://barometr.kg/vice-premer-zheish-razakov-batken-oblastyna-zhnp-ketti



Добавить комментарий