Вице-мэр жабыркаган унаада ырчы Самара Каримова да болгон, учурда ал реанимацияда

27 июль 2021 14:23 2341 Barometr
Бөлүшүү:
ok

26-июлда Бишкек-Ош унаа жолунда болгон жол кырсыгынан Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жабыркады. Ошондой эле аталган унаа кырсыгынан ырчы Самара Каримова дагы жабыркаганын Жалал-Абад областынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Инспекторлор берген маалыматка таянсак, унааны ырчынын жолдошу Мансур Асанов айдап бара жаткан. Ал рулда уктап кетип жол боюндагы тосмону сүзгөн. Алдын ала медициналык текшерүү айдоочу ичимдик ичпегенин көрсөттү. Мансур Асанов жабыркаган жок.

Кырсыктан улам Жамалбек Ырсалиев, А.Н. жана Э.Т. Токтогул районунун ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилди.

Самара Каримова кайра жандандыруу бөлүмүндө. 

Ссылка: https://barometr.kg/vice-mer-zhabyrkagan-unaada-yrchy-samara-karimova-da-bolgon-uchurda-al-reanimaciyada



Добавить комментарий