Венгрияда алгачкы жолу шайлоо участогу ачылды
Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Венгриянын Будапешт шаарында № 9058 шайлоо участогун уюштуруу тууралуу токтом чыгарды.Бул тууралуу БШКдан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Чечим Венгрияга Кыргызстандын элчилигин уюштургандан улам кабыл алынган.
Жогорку Кеңештин шайлоосуна чет өлкөдө уюштурула турган шайлоо участокторунун саны 29 мамлекетте 58ге чейин көбөйдү.
БШК төмөнкү шаарларда биринчи ирет шайлоо участоктору уюштурулуп жатканын маалымдады.
Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск;
Нью-Йорк жана Чикаго;
Анталья;
Кальяри.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин шайлоосу 28-ноябрда өткөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/vengriyada-algachky-zholu-shajloo-uchastogu-achyldy
Добавить комментарий ×