Валентина Шевченко UFC менен жаңы келишим түздү

2 апрель 2019 14:35 835 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык мушкер, UFCнин чемпиону Валентина Шевченко америкалык уюм менен келишим түздү. Бул тууралуу анын менеджери Роджер Аллен билдирди.

Аллен өз сөзүндө бул UFCнин активдүү чемпиону болууну, өнүгүүнү каалаган Валентина үчүн жакшы келишим болгонун жана анын өсүп жатканына кубанычка экенин айтты.

Эске салсак, Шевченко чемпиондук курун сактап калуу үчүн Джкссика Ай аттуу мушкер менен беттеше турганы айтылган. Беттеш Чикагодо UFC 238 турниринде болмокчу.

Валентина Шеваченко үчүн аталган чемпиондук кур үчүн беттеш алгачкысы болот. Чемпиондук титулун ал 2018-жылдын декабрь айында UFC 231 турниринде Йоанна Енджейчикти утуп алганда тагынган.

Жалпысынан мушкер кыздын капчыгында 16 жеңиши жана 3 утулушу бар.

Ссылка: https://barometr.kg/valentina-shevchenko-ufc-menen-zhay-kelishim-tzd



Добавить комментарий