Валентина Шевченко UFC чемпиону менен спарринг өткөрдү (видео)

22 сентябрь 2021 12:11 1867 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Аралаш күрөш стилинин (MMA) күрөшкери Валентина Шевченко Абсолюттук күрөш чемпионатынын (UFC) азыркы чемпиондук курунун ээси Брендон Морено менен машыкты. Бул тууралуу видео YouTube каналына жарыяланганын “Барометр” кабарлайт.

33 жаштагы спортчу Морено менен коргоочу шлемдерди кийип алып беттешти.

Lenta.ru кабарлагандай, Шевченко кайрадан өзүнүн титулун коргошу керек.Анын кезектеги атаандашы америкалык Лорен Мерфи болот жана кармаш UFC 266 ивентинин алкагында 25-сентябрда Лас-Вегас шаарында өтөт.

Быйыл апрель айында Шевченко бризилиялык Джессика Андраде жеңген жана чемпиондук курун коргоп калган.

Ссылка: https://barometr.kg/valentina-shevchenko-ufc-chempionu-menen-sparring-tkrd-video



Добавить комментарий