Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 2 млн сомду опузалап талап кылган
Кыргызстандын жаранынан опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Аталган кабарга таянсак, 12-ноябрда УКМК тарабынан акча каражатын алып жаткан маалда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү З.Б. жана С.А. аттуу жаран кармалды.
Аталган факты Жазык проссесттик кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган жаран Б.И. аттуу Кыргызстандын жаранынан күч колдонуу жолу менен коркутуп, 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.
Кармалган З.Б. УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/uyushkan-kylmyshtuu-toptun-aktivd-mchlr-karmaldy
Добавить комментарий ×