Урмат Барыктабасов кайын энеси Таттыбүбү Турсунбаеванын аманатын кантип аткарганын жазды

25 март 2020 12:10 3311 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жеке ишкер Урмат Барыктабасов кайын энеси Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асель тууралуу айтып кеткен аманатын кантип аткарганын жазды.

Анда мындай деп баяндалат:

"Кыргызда аманат деген сөз бар. Мен Аселге үйлөнөөрдө атасынын Имаштын, улуу эжеси Бүбү апа менен жолуктум. Ал киши атасын да, апасын да ордун ээлеп турган экен. Бүбү апа менден сурады, Аселдин апасынын аманаты бар, ошону сага айтайын деди. Аселди чакырды. Үчөөбүз отурдук.

Эжеке сандыкты ачты, бир кичинекей түйүнчөктү алып чыкты. Оролгон чүпүрөк экен. Бул апаңдын сөйкөсү менен шакеги, «мээ Асель, апандын аманатын аткара турчу күн келди, сага тапшырайын» деп Аселге колуна берди. Асель көзүнө жаш алды.

«Урмат, Таттыбүбүнүн бир суранычы бар эле, өлөөр астында, ошону сага айтайын, Апасы Аселге да айткан, атасы Имашка да айткан, сага да айтайын деди эжеке.

- Айтыныз, колуман келишинче убадамды аткарам дедим.

Апасы өлөөр астында суранган, баарыбыздан, Асель артист болбосунчу деп.

Таттыбүбүнүн аманатын Асель да, атасы да, мен да аткара алган жокбуз.

Күйөсүнө да айтыңыз, күйөгө тиерде, эжеке деп суранган экен кайын энем....

Мен кайын энең Таттыбүбүнүн аманатын айттым, аткарганга күчүн жетеби деп сурады.

Мен ооба, убада берем, Аселдин көнүлү болсо деп, Аселди карадым.

Асель убаданы аткарабыз деп сөз берди.

Эмне үчүн Асель артистка болбой калды мына ушул окуя.

Мен эми Иркутскийде жүргөн бир аял артист кылбайсын деп айтса эле, чуркап барып артист боло калбайбыз да.

Аманат деген сөз бар.

Сөзгө бек болбогон үчүн бүгүн ушул абалга келдик.

Мен кайын атам Имаш, кайын энем Таттыбүбүнүн, кайын атамдын улуу эжеси Бүбү апанын аманатын аткардым. Таттыбүбү Турсунбаева деле түшүнүп билип аманат айтса керек", - деп жазды Барыктабасов.

Эске салсак, Асель Эшимбекова Таттыбүбү Турсунбаева менен Имаш Эшимбековдун кызы. Кыргыз ССРинин артисти. Бир нече тасмаларда башкы ролду ойногон. Кийин ишкер Урмат Барыктабасовго турмушка чыккандан кийин киного тартылуусун токтоткон.

Ссылка: https://barometr.kg/urmat-baryktabasov-kajyn-enesi-tattybb-tursunbaevanyn-amanatyn-kantip-atkarganyn-zhazdy



Добавить комментарий